ЖМК: Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдө уранды байытуу маселеси талкууланат
Вашингтон менен Тегерандын Исламабаддагы сүйлөшүүсүндө Ормуз кысыгы жана уран байытуу маселеси талкууланат Бул тууралуу “Репортаж” “GeoTV” маалымат таратты Маалыматта: «Тыныш келишими күчүнө киргенден кийин АКШнын президенти Дональд Трамп кайрадан ачылышы керек болгон стратегиялык жактан маанилүү

Вашингтон менен Тегерандын Исламабаддагы сүйлөшүүсүндө Ормуз кысыгы жана уран байытуу маселеси талкууланат Бул тууралуу “Репортаж” “GeoTV” маалымат таратты Маалыматта: «Тыныш келишими күчүнө киргенден кийин АКШнын президенти Дональд Трамп кайрадан ачылышы керек болгон стратегиялык жактан маанилүү Ормуз кысыгына байланыштуу Ирандын иш-аракеттерине нааразылыгын билдирген жана Тегеран Израилдин Ливандагы кол салууларына кескин реакция кылып, Ливандын келишимге кошулушун талап кылган»,-деп айтылат маалыматта Ирандын расмий өкүлдөрү Израилдин Ливанга жасаган соккусу Пакистандагы сүйлөшүүлөрдү “максатсыз” кылып койгонун жарыялашты Расмий маалыматка караганда, Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдө Ирандагы уранды байытуу маселеси да козголот Белгилей кетсек, АКШнын вице-президенти Жей Д.Вэнс Пакистанга сапарынын алдында журналисттерге Иран АКШны алдаганга аракет кылса, диалог оң натыйжа бербей турганын айткан Эске сала кетсек, АКШ менен Израил 28-февралда Иранга каршы аскердик операциясын баштап, натыйжада Ирандын руханий лидери Али Хаменеи жана бир катар жогорку даражалуу чиновниктер набыт болгон. Андан кийин Израил менен бирге Иран АКШ жана анын союздаштарынын аскердик базалары жайгашкан Сауд Аравия, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Оман, Бахрейн, Кувейт, Ирак жана Кипрде аныкталган буталарга чабуул жасай баштады. 8-апрелде Иран менен АКШ жана алардын союздаштары эки жумалык ок атышпоо тууралуу макулдашкан Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


