ЖМК: АКШ Ирандагы байытылган уранды колго түшүрүү боюнча кургактагы операцияны карап чыкты
АКШнын жогорку даражалуу аскер кызматкерлери Иранда байытылган урандын кампаларын колго түшүрүү боюнча кургактагы операциянын планын карап чыгышты Бул тууралуу CNN бул маселе боюнча маалымат булактарына таянуу менен билдирди Телеканалдын маалыматына караганда, өткөн айдын этегинде Штаб башчыларыны

АКШнын жогорку даражалуу аскер кызматкерлери Иранда байытылган урандын кампаларын колго түшүрүү боюнча кургактагы операциянын планын карап чыгышты Бул тууралуу CNN бул маселе боюнча маалымат булактарына таянуу менен билдирди Телеканалдын маалыматына караганда, өткөн айдын этегинде Штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Дэн Кейн Флоридадагы АКШнын Борбордук командачылыгынын штаб-квартирасына шашылыш иш сапары менен барып, мүмкүн болуучу операция боюнча жабык брифингге катышкан. Кийинчерээк ал АКШнын президенти Дональд Трампка мүмкүн болгон варианттар тууралуу маалымат берген Телеканалдын белгилешинче, АКШ администрациясы жогорку кооптуу жердеги операцияны жактырууга жакындап калган, бирок Трамп Ирандын мүмкүн болгон катаал реакциясы, америкалык аскерлердин олуттуу жоготуулары жана дүйнөлүк экономиканын мындан ары дестабилдештирилиши ыктымалдыгы тууралуу эскерткенден кийин артка чегинди Маалымат булактары ошондой эле кийинчерээк Вашингтон Ормуз кысыгы жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча Тегеран менен келишимдин үстүндө иштөөнү улантканын белгилешти


