ЖМК: АКШ-Иран келишими Нетаньяху үчүн стратегиялык сокку болушу мүмкүн
АКШ менен Ирандын ортосунда мүмкүн болуучу жыйынтык келишимге кол коюу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху үчүн олуттуу саясий жана стратегиялык сокку болушу мүмкүн Бул тууралуу «Axios» порталы өз булактарына таянуу менен билдирди Кабарларга караганда, израилдик бийлик өкүлдөрү келишим

АКШ менен Ирандын ортосунда мүмкүн болуучу жыйынтык келишимге кол коюу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху үчүн олуттуу саясий жана стратегиялык сокку болушу мүмкүн Бул тууралуу «Axios» порталы өз булактарына таянуу менен билдирди Кабарларга караганда, израилдик бийлик өкүлдөрү келишим акыркы жыйынтыкты береринен күмөн санашууда. Булактардын бири Нетаньяху келишимдин сөзсүз болушун түшүнгөнүн жана ага тоскоол боло албасын айтты Портал белгилегендей, Нетаньяхуга каршы турган саясий күчтөр аны АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган шарттарга макул болуу менен Израилди «вассалдык мамлекетке» айландырган деп айыптап жатышат Портал белгилегендей, Израилдин расмий өкүлдөрү Трампты ачык сынга албаса да, жабык талкууларда келечектеги келишимге этият мамиле кылышат. Алардын кооптонууларынын бири бул келишим Израилдин Ливанда иштөө мүмкүнчүлүгүн чектеши мүмкүн Ошол эле учурда АКШнын расмий өкүлдөрү Израил тарапты тынчтандырууга аракет кылып, келишимдин бардык шарттары менен таанышкандан кийин алардын позициясы өзгөрөт деп үмүттөнүүдө


