Кытай хирургдары мээси өлүп калган бейтапка чочконун бир нече органдарын трансплантациялашты -
Кытай хирургдары биринчи жолу мээси өлүп калган бейтапка генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун үч органын – эки бөйрөгүн жана бир боорун трансплантациялашты. Бул тууралуу медициналык маалымат каражаттары жазышууда Операция Гуанси медициналык университетинин экинчи ооруканасынын тобу тарабынан жас

Кытай хирургдары биринчи жолу мээси өлүп калган бейтапка генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун үч органын – эки бөйрөгүн жана бир боорун трансплантациялашты. Бул тууралуу медициналык маалымат каражаттары жазышууда Операция Гуанси медициналык университетинин экинчи ооруканасынын тобу тарабынан жасалды. Бейтап 53 жаштагы эркек киши болгон, мээси өлүп калган Трансплантациядан кийин органдар дээрлик беш күн иштеген. Андан соң пациенттин үй-бүлөсүнүн өтүнүчү боюнча эксперимент токтотулган. Бул тарыхта биринчи жолу чочконун бир нече органдары бир убакта адамга трансплантацияланган Мындай операциялар ксенотрансплантацияны билдирет - органдарды же ткандарды бир түрдөн экинчи түргө трансплантациялоо. Азырынча технология эксперименталдык бойдон калууда. Бирок окумуштуулар келечекте донордук органдардын жетишсиздиги көйгөйүн чечүүгө жардам берет деп эсептешет


