Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кытайдын A-CAR компаниясы Кыргыз Республикасында автоунааларды сатууну жана тейлөөнү баштоону пландаштырууда

8-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров «A-CAR» компаниясынын («Чуан Йи» ЖЧКсы) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда Кытайдан жаңы автоунааларды алып келүү жана Кыргызстанда сервистик инфраструктураны өнүктүрүү мас

0 көрүүeconomist.kg
Кытайдын A-CAR компаниясы Кыргыз Республикасында автоунааларды сатууну жана тейлөөнү баштоону пландаштырууда
Paylaş:

8-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров «A-CAR» компаниясынын («Чуан Йи» ЖЧКсы) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда Кытайдан жаңы автоунааларды алып келүү жана Кыргызстанда сервистик инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланды Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар автотранспорт тармагындагы кызматташуунун келечегин, анын ичинде дилердик тармакты түзүү жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө компаниянын расмий өкүлчүлүгүн ачуу маселелерин карап чыгышты Равшанбек Сабиров автомобиль тармагына инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай долбоорлор рыноктун өнүгүшүнө жана жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүнө өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Документ өнөктөштүктү бекемдөөгө жана компаниянын Кыргызстандагы инвестициялык пландарын ишке ашыруунун конкреттүү этаптарын иштеп чыгууга багытталган

Kaynak: economist.kg

Diğer Haberler

Китайская A-CAR планирует запустить в КР продажи и обслуживание автомобилей | Tenqri