Кытай менен Тажикстан түбөлүк достукка макулдашты
Пекиндеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президент Эмомали Рахмон менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин эки өлкөнүн ортосундагы түбөлүк достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту Бул тууралуу Тажикстандын лидеринин басма сөз кызматы билдирди Рахмондун Кытайга мамлекеттик сап

Пекиндеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президент Эмомали Рахмон менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин эки өлкөнүн ортосундагы түбөлүк достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту Бул тууралуу Тажикстандын лидеринин басма сөз кызматы билдирди Рахмондун Кытайга мамлекеттик сапары 11-14-майда болот «Эки мамлекеттин башчылары – урматтуу Эмомали Рахмон менен Си Цзиньпин жаңы мезгилде ар тараптуу кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча Тажикстан Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын биргелешкен билдирүүсүнө жана Тажикстан Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту», — деп айтылат мамлекет башчысынын сайтында


