Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкектеги KIT форуму 3 миң катышуучунун жана 30дан ашык стартаптардын башын бириктирди

Борбор калаада 3 миңден ашуун катышуучунун башын бириктирген KIT Forum 2026 өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнестин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, инвесторлор жана IT адистери катышты. Бул тууралуу КР Жогорку технологиялар паркынын басма сөз кызматы билдирди Талкуунун негизги темалары са

0 көрүүeconomist.kg
Бишкектеги KIT форуму 3 миң катышуучунун жана 30дан ашык стартаптардын башын бириктирди
Paylaş:

Борбор калаада 3 миңден ашуун катышуучунун башын бириктирген KIT Forum 2026 өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнестин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, инвесторлор жана IT адистери катышты. Бул тууралуу КР Жогорку технологиялар паркынын басма сөз кызматы билдирди Талкуунун негизги темалары санариптик трансформация, жасалма интеллектти ишке ашыруу жана стартаптарды колдоо маселелери болду Форумдун алкагында кыргыз тилиндеги үн жардамчысы AkylAIдин бет ачары болуп өттү. Иштеп чыгуучулар кепти таанууга жана мамлекеттик тилде колдонуучулар менен баарлашууга жөндөмдүү акылдуу спикердин иштешин көрсөтүштү Ошондой эле ЭКСПО зонасынын көргөзмөсү болуп, анда жергиликтүү жана чет элдик технологиялык компаниялардын, стартаптардын жана билим берүү уюмдарынын 25тен ашык стенддери коюлган Форумда IT тармагындагы компанияларга жана долбоорлорго сыйлыктар тапшырылды. Негизги номинациялар боюнча жеңүүчүлөр: Жолугушуулардын жыйынтыгында катышуучулар Кыргызстанда жасалма интеллект жана стартап демилгелер чөйрөсүндөгү чечимдерге кызыгуу күчөгөнүн белгилешти Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз – Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!

Kaynak: economist.kg

Diğer Haberler