Tenqri
Башкы бет
Илим

Кипр кыргызстандык студенттер үчүн билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө даяр

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос Кыргызстан ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен жолугушкан учурда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы документтердин кол коюлушун маанилүү кадам катары баалады Анын айтымында, кош салык салууну болтурбоо боюнча м

0 көрүүkabar.kg
Кипр кыргызстандык студенттер үчүн билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө даяр
Paylaş:

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос Кыргызстан ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен жолугушкан учурда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы документтердин кол коюлушун маанилүү кадам катары баалады Анын айтымында, кош салык салууну болтурбоо боюнча макулдашууга кол коюу - инвестиция жана соода байланыштарын өнүктүрүүгө жаңы дем берген маанилүү окуя. Ошондой эле ал бул документтер бизнес жана инвестиция үчүн туруктуу жана ачык укуктук-салыктык шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи Константинос Комбос билим берүү жана академиялык кызматташтыкка да өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду Мындан тышкары, ал белгилегендей, сүйлөшүүлөрдүн олуттуу бөлүгү Европа биримдиги менен Кыргызстандын кызматташтыгына арналды. Кипр министри бул багыттагы өнөктөштүктү тереңдетүүнү колдой турганын белгилеп, Борбор Азиянын стратегиялык мааниси, анын ичинде соода, транспорт, энергетика жана байланыштуулук тармактарындагы ролу өсүп жатканын баса белгиледи

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler