Көчмөндөр оюндары: "Биримдик кербени" аймактык долбоору Баткенден башталды
Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп жаткан "Биримдик кербени" долбоору Баткен облусунан расмий түрдө старт алды Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, долбоордун алкагында түзүлгөн "Баатыр" жана "Элчилер" топтору Баткен облусундагы касиеттүү Су

Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп жаткан "Биримдик кербени" долбоору Баткен облусунан расмий түрдө старт алды Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, долбоордун алкагында түзүлгөн "Баатыр" жана "Элчилер" топтору Баткен облусундагы касиеттүү Суу-Башы булагынан атайын жасалган көөкөргө суу алып, маданий программанын коштоосунда облус борборунун башкы аянтына чейин кербен жүрүшүн өткөрүштү Иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов катышып, долбоордун башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө "Биримдик кербени" өлкөнүн бардык аймактарын бириктирген маанилүү руханий демилге экенин белгилеп, улуттук ынтымак менен биримдиктин баалуулуктарына токтолду Долбоордун расмий өнөктөштөрү дагы иш-чарага активдүү катышты. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий банкы болгон "А-Банк" кербен суусун сактоо үчүн атайын жай уюштурду. Ал эми расмий транспорттук өнөктөш Chevrolet Kyrgyzstan кербенди атайын брендделген автоунаалары менен коштоду Ошондой эле долбоордун алкагында ЮНИСЕФ тарабынан атайын балдар кербени уюштурулуп, жаш өспүрүмдөр үчүн улуттук оюндардын көрсөтмө программалары өткөрүлдү Суу алынган Суу-Башы булагы Баткен районунун Кара-Булак айылынын жогору жагындагы тоо этегинде жайгашкан касиеттүү жайлардын бири болуп саналат "Биримдик кербени" долбоорунун негизги максаты — Кыргызстандын бардык аймактарындагы касиеттүү булактардан алынган сууларды бириктирип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жеткирүү. Чогултулган суу элдердин достугунун, ынтымагынын жана биримдигинин символу катары көрсөтүлүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы атайын салтанаттуу аземдерде колдонулат


