Казакстандын Түштүк Кореяга мунай экспорту 1,4 миллион тоннадан ашты
Бул тууралуу Казакстандын энергетика министринин орун басары Санжар Жаркешов Астанада өткөн соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Казакстан-Корея биргелешкен 11-11-комиссиясынын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, энергетикалык өнөктөштүк эки тараптуу мамилелердин негизги баг

Бул тууралуу Казакстандын энергетика министринин орун басары Санжар Жаркешов Астанада өткөн соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Казакстан-Корея биргелешкен 11-11-комиссиясынын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, энергетикалык өнөктөштүк эки тараптуу мамилелердин негизги багыттарынын бири бойдон калууда жана узак мөөнөттүү келечекте өнүгө берет Ал өз сөзүндө «КазМунайГаз» Улуттук компаниясы (КМГ) менен Кореянын Улуттук мунай корпорациясы (КНОК) Казакстанда мунай кендерин иштетүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып, ички рынокко да, экспортко да чийки мунай жеткирип жатканын белгиледи. 2025-жылы ички рынокко мунай жеткирүү болжол менен 420 миң тоннага жеткен «2026-жылдын төрт айында орточо эсеп менен алганда, мунайды кайра иштетүүчү заводдорго төмөнкүдөй жеткирүүлөр болду: «Кен-Сары» ЖЧКсы — 81 300 тонна, «Меербуш» ЖЧКсы — 21 800 тонна, Altius Petroleum International B.V. — 45 400 тонна», — деди ал Түштүк Кореяга экспортко өзгөчө көңүл бурулду. Берилген статистикага ылайык, казак мунайынын бул багытка экспорту 2022-жылы 5,754 миллион тоннаны, 2023-жылы 5,535 миллион тоннаны, 2024-жылы 1,723 миллион тоннаны, 2025-жылы 1,456 миллион тоннаны түзгөн Жаркешов Казакстандын мунай енер жайын мындан ары енуктуруу мунай химиясына жана жогорку кошумча нарк-туу продукцияны чыгарууга етуу менен байланышкандыгын баса белгиледи. Буга байланыштуу Казакстан заманбап мунай-химиялык комплекстерди куруу үчүн кореялык инвестицияларды жана технологияларды тартууга кызыкдар Мындан тышкары Казакстан жергиликтүү өндүрүштү көтөрүүнү жана энергетика тармагына алдыңкы технологияларды киргизүүнү максат кылууда. Министрдин орун басары кызматташуунун ийгиликтүү мисалдарын, анын ичинде Атырау облусунда (Карабатан) 310 МВт комплекстүү электр станциясын ишке киргизүүнү жана Түркстан облусунда 1000 МВт жаңы станцияны курууну белгиледи Санжар Жаркешовдун айтымында, мындан ары локалдаштыруу импорттук компоненттерге көз карандылыкты азайтып, энергетика системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатат жана кореялык компаниялардын подрядчы катары гана эмес, коинвестор катары да узак мөөнөттүү катышуусуна шарт түзөт Ал Казакстан 2035-жылга чейин электр энергетика тармагын өнүктүрүү планын ишке ашырып жатканын, анын алкагында кореялык компаниялар модернизациялоо долбоорлоруна жана жаңы генерациялоочу объектилерди курууга катышууга чакырылганын эске салды. Анын айтымында, Казакстандын өкмөтү инвесторлор үчүн ачык-айкын шарттарды камсыздайт жана мындай долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтөт Kazinform маалымат агенттиги бүгүн кабарлагандай, Казакстан менен Түштүк Корея соода тоскоолдуктарын жоюуну талкуулашты


