Казакстан менен Дүйнөлүк банк жаңы инвестициялык цикл жана экономикалык реформаларды талкуулашты
АСТАНА, Казакстан, 16-май. Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Наджи Бенхассине баштаган эл аралык эксперттер жаңы инвестициялык циклди ишке ашырууну талкуулашты, деп билдирди Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы Жолугушуунун жүрүшүн

АСТАНА, Казакстан, 16-май. Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Наджи Бенхассине баштаган эл аралык эксперттер жаңы инвестициялык циклди ишке ашырууну талкуулашты, деп билдирди Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар стратегиялык маселелер – жогорку кирешелүү экономикага өтүү, өндүрүмдүүлүктү жана экономикалык эффективдүүлүктү жогорулатуу, инфраструктураны өнүктүрүү, санариптештирүү жана жасалма интеллект, ошондой эле заманбап каржылоо инструменттери боюнча пикир алышты Бул багыттар экономикалык өсүштүн атаандаштыкка жөндөмдүү жана технологияга негизделген моделин түзүү милдети менен түздөн-түз байланышкан. Өз кезегинде ар кандай секторлордо жүргүзүлүп жаткан реформалар инвестицияны көбөйтүү боюнча аракеттерди толуктайт Бектенов белгилегендей, Казакстан экономиканы диверсификациялоону тездетүүгө жана инвестициялык климатты андан ары жакшыртууга артыкчылык берет. Жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен Казакстан өз өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштоодо. Инвестициялык саясат жана инвестицияларды тартуу туруктуу экономикалык өсүштүн, инфраструктураны модернизациялоонун, технологиялык жаңылануунун жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуунун негизги факторлорунун бири болуп саналат Премьер-министр Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө Казакстанга инвестиция тартуу үчүн түзүлгөн экосистема тууралуу маалымат берди. Жаңы чаралардын арасында инвесторлор жана жогорку квалификациялуу адистер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн “Алтын виза” режимин киргизүү, ошондой эле биргелешкен демилгелерди натыйжалуу илгерилетүү үчүн Координациялык кеңештин ролун күчөтүү бар Өз кезегинде Наджи Бенхассине Казакстандагы экономикалык процесстерди жакшыртуу жана модернизациялоо аракеттерине оң баа берди. Анын айтымында, өлкөдө туруктуу инвестициялык жагымдуулук сакталууда. Ошол эле учурда жогорку кирешелүү экономикага өтүү өсүү моделин трансформациялоону жана инвестициянын натыйжалуулугун жогорулатууну талап кылат. Бул процесстин негизги милдети — эмгек ендурумдуулугун жогорулатуу


