Казакстандыктар БАЭге өз товарларын жеңилдетилген шарттарда жеткире алышат
Казакстан Республикасынын Мажилиси Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттер менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялады Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министри Арман Шакалиевдин айтымында, келишим 2025-жыл

Казакстан Республикасынын Мажилиси Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттер менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялады Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министри Арман Шакалиевдин айтымында, келишим 2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында түзүлгөн. Макулдашууда товардын ассортиментинин 85%дан ашыгы үчүн импорттук бажы алымдарын алып салуу каралган «Келишимде импорттук бажы алымдарын алып салуудан тышкары соодадагы техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чаралар, бажы кызматташтыгы, ички рынокту коргоо чаралары жана башка соода аспектилери камтылган», - деди Шакалиев Өз ара сооданы акырындык менен либералдаштыруу үчүн өткөөл мезгилде бажы алымдарын алып салуу этап менен ишке ашырылат Жалпысынан Макулдашуу Бириккен Араб Эмираттарынын рыногуна казакстандык ишкерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн товарларын жылдыруу, ошондой эле тараптардын ортосундагы сооданын көлөмүн жана темпин жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылат Буга чейин Казакстан БАЭге экспортту 42,1%га жогорулатканы маалымдалган


