Казак активисти Санжар Бокаевдин камактагы мөөнөтү 18-июлга чейин узартылды
12-июнда Алматынын тергөө соту активист Санжар Бокаевдин камактагы мөөнөтүн 18-июлга чейин узартты.Бул тууралуу анын жактоочусу Радмир Утепов билдирди Жактоочунун айтымында, жактоочу тарап баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранган, бирок сот өтүнүчтү канааттандырган жок «Тилекке каршы биздин өтүнүчү

12-июнда Алматынын тергөө соту активист Санжар Бокаевдин камактагы мөөнөтүн 18-июлга чейин узартты.Бул тууралуу анын жактоочусу Радмир Утепов билдирди Жактоочунун айтымында, жактоочу тарап баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранган, бирок сот өтүнүчтү канааттандырган жок «Тилекке каршы биздин өтүнүчүбүз канааттандырылган жок», - деди Утепов Бокаев 18-марттан бери камакта, ал өзгөчө ири өлчөмдөгү каражатты кымырып алган, жалган маалымат тараткан жана Алматыдагы Баум токоюнда бак-дарактарды кыюуну уюштурган деп шектелүүдө Казакстандын Башкы прокуратурасы буга чейин Бокаев социалдык тармактарга «жалган маалымат таратуу жана коомдук терс пикирди калыптандыруу максатында» дарактарды мыйзамсыз кыйып, курулуш объектилеринде мүлктү уурдоо боюнча видеолорду жарыялаганын билдирген. Тергөөчүлөрдүн айтымында, бул акцияларды ал өзү уюштуруп, акчага аткаруучуларды тартып, каржылаган. Прокуратура ошондой эле Бокаев ири алдамчылыкка шектелип жатканын билдирди Санжар Бокаев жарандык активист жана Алматыны көрктөндүрүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу резонанстуу басылмалардын автору катары белгилүү. Ал дээрлик жаңы брусчаткаларды демонтаждоо, Большая Алматинка дарыясынын жээгиндеги гранит плиталарын алып салуу жана Баум токоюндагы бак-дарактарды кыюу мүмкүндүгү тууралуу видео тасма тарткан Бокаев бул жылдары Алматы акимчилигинин ички саясат бөлүмүн жетектеп, андан кийин «Нур Отан» партиясынын шаардык бөлүмүнүн төрагасынын орун басары болгон. Мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин "КазТрансГаз" ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси болгон. Бокаевди «Кайра иштетүү акысы жок» кыймылынын демилгечилеринин бири деп аташат Бокаев кандуу январь окуясынан кийин жарандык активдүүлүк менен көрүнүп, «Намыс» саясий партиясын каттоодон майнап чыкпады Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон
Diğer Haberler

ЖМК: АКШ меморандумга кол койгондон кийин Иранга мунай сатууга уруксат берет

АКШнын күчтүү ысымдары жашыруун коомдо жолугуп, анын чоо-жайы ачыкка чыккан: “Ядролук куралды кайра алып кел”, “Салт башта” тематикалык жолугушуулар, матчтык кызматтар... | T24
