Казакстан стол тенниси боюнча дүйнөлүк рейтингде позициясын жакшыртты
Стол тенниси боюнча жаңы дүйнөлүк рейтингге жакында Лондондо өткөн командалык дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы кирди. Эң ири дүйнөлүк турнирде Казакстандын эркектер командасы рекорддук 9-орунду, аялдар командасы 17-орунду ээледи. Бул жыйынтыктар казакстандык командаларга ITTF дүйнөлүк рейтингинде поз

Стол тенниси боюнча жаңы дүйнөлүк рейтингге жакында Лондондо өткөн командалык дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы кирди. Эң ири дүйнөлүк турнирде Казакстандын эркектер командасы рекорддук 9-орунду, аялдар командасы 17-орунду ээледи. Бул жыйынтыктар казакстандык командаларга ITTF дүйнөлүк рейтингинде позициясын жакшыртууга мүмкүндүк берди Азыр эркектердин дүйнөлүк рейтингинде Казакстандын курама командасы мурунку жаңыланган тизмеге салыштырмалуу жети позицияга көтөрүлүп, 18-орунда, ал эми аялдар командасы 37-орундан 31-орунга жылды Эркектер командасынын лидери Кирилл Герасименко 1200дөн ашык спортчунун арасында жеке рейтингде 44-орунда; аялдар командасынын лидери Зауреш Акашева дээрлик миң спортчунун ичинен 108-орунда Буга чейин казакстандык Алан Курмангалиев Швецияда өткөн стол тенниси боюнча турнирде алтын медаль тагынган


