Казакстан жан башына ИДПнын көлөмү боюнча Орусия менен Кытайды басып өтүп, Борбор Азияда лидер болду
Эл аралык Валюта Фондунун маалыматы боюнча, 2025-жылы Казакстанда ИДП киши башына 14 770 долларды түзгөн. Салыштыруу үчүн, Орусияда бул көрсөткүч 14 260 долларга, Кытайда 13 690 долларга жеткен Борбор Азияда Казакстан региондогу башка мамлекеттерден кыйла алдыда. Түркмөнстанда жан башына ИДП 13340

Эл аралык Валюта Фондунун маалыматы боюнча, 2025-жылы Казакстанда ИДП киши башына 14 770 долларды түзгөн. Салыштыруу үчүн, Орусияда бул көрсөткүч 14 260 долларга, Кытайда 13 690 долларга жеткен Борбор Азияда Казакстан региондогу башка мамлекеттерден кыйла алдыда. Түркмөнстанда жан башына ИДП 13340 долларды, Өзбекстанда 3510 долларды, Кыргызстанда 2750 долларды, Тажикстанда 1430 долларды түздү КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан да лидер болуп, Грузия (9570 доллар), Армения (8860 доллар), Молдова (8260 доллар), Белоруссия (7880 доллар), Азербайжан (7600 доллар) жана Украинадан (6260 доллар) озуп кетти ЭВФ калктын жан башына ИДПны учурдагы баалар боюнча эсептейт, бул ага байлыктын жана сатып алуу жөндөмүнүн жалпы деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет "Казакстандын күчтүү позициясы минералдык ресурстардын олуттуу запастары менен шартталган жана энергетикалык ресурстардын жана чийки заттын экспорту өсүштүн негизги кыймылдаткычы бойдон калууда", - деп айтылат докладда Ошону менен бирге, акыркы жылдары өлкөдө сырьену кайра иштетүү жана кошумча наркы жогору продукцияларды чыгаруу өнүгүүсү байкалууда Өсүштүн кошумча факторлору бизнес-чөйрөнү реформалоо, чет өлкөлүк инвестициялардын агымы жана инфраструктураны модернизациялоо болду "Транспорт, логистика, технология, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтарга инвестициялар ички суроо-талаптын өсүшүнө жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашына өбөлгө түзөт", - деп белгилешет ЭВФтин аналитиктери Европа менен Азиянын ортосундагы негизги звено катары иш алып барган Казакстандын географиялык абалы да маанилүү роль ойнойт, ошондой эле өлкөнүн эл аралык соода демилгелерине, анын ичинде “Бир алкак, бир жол”го катышуусу маанилүү Фонддун айтымында, макроэкономикалык туруктуулук орточо инфляция, теңгенин туруктуу алмашуу курсу жана тең салмактуу бюджет саясаты тарабынан колдоого алынат «Улуттук банктын жана өкмөттүн саясаты глобалдык чакырыктарга карабай экономикалык туруктуулукту сактоого жардам берет», — деп айтылат докладда


