Казакстан алты айга, анын ичинде Кыргызстандан да жумуртка импорттоого тыюу салуу ниетинде
Казакстандын Айыл чарба министрлиги алты айга чет өлкөдөн тооктун жумурткасын импорттоого убактылуу тыюу салуу боюнча буйруктун долбоорун даярдады. Тиешелүү документ Ачык укуктук актылар порталында жарыяланды, деп билдирет inbusiness.kz Басылманын маалыматы боюнча, чектөөлөр транспорттун бардык түр

Казакстандын Айыл чарба министрлиги алты айга чет өлкөдөн тооктун жумурткасын импорттоого убактылуу тыюу салуу боюнча буйруктун долбоорун даярдады. Тиешелүү документ Ачык укуктук актылар порталында жарыяланды, деп билдирет inbusiness.kz Басылманын маалыматы боюнча, чектөөлөр транспорттун бардык түрлөрү менен ташууга таасирин тийгизет жана бардык өлкөлөргө, анын ичинде ЕАЭБдеги өнөктөштөргө да тиешелүү болот Коңшу өлкөнүн бийлиги бул демилгени ички рынокту коргоо жана ата мекендик өндүрүштү стимулдаштыруу зарылчылыгы менен негиздеп жатат Бүгүнкү күндө Казакстандын канаттуулар тармагында 70 ишкана иштейт, анын ичинен 34ү жумуртка өндүрүүгө адистешкен


