Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Касымалиев: Кыргызстан менен Беларустун соода жүгүртүүсү беш жылда 4,5 эсеге өстү

Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларустун премьер-министри Александр Турчин менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады Касымалиев сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби жана сапардын программасы абдан мазмундуу

0 көрүүkabar.kg
Касымалиев: Кыргызстан менен Беларустун соода жүгүртүүсү беш жылда 4,5 эсеге өстү
Paylaş:

Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларустун премьер-министри Александр Турчин менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады Касымалиев сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби жана сапардын программасы абдан мазмундуу болгонун белгилеп, анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү каралганын айтты Ошондой эле төрага эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары активдештирүү жана аларды сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бардык зарыл шарттар жана чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи Анын айтымында, акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү туруктуу өсүүдө Ал ошондой эле кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшү үчүн сооданын көлөмүн көбөйтүү менен катар анын түзүмүн диверсификациялоо, жаңы өндүрүштүк байланыштарды түзүү жана экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү маанилүү экенин белгиледи Белгилей кетсек, Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга расмий сапары менен күн мурун келген. Учурда беларусь делегациясы кыргыз тарап менен биргеликте эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулоону улантууда

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler