Кассалык аппараты жок иштеген ишкерлер аныкталды
Казакстандын базарларында 5 миңге жакын сатуучу кассасыз иштеген. Жыл башынан бери Соода министрлиги тарабынан азык-түлүк базарларында рейддер жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 150 ортомчу аныкталып, соода тармагынан четтетилген. Өлкөбүздүн 60тан ашык базарларында текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада 486

Казакстандын базарларында 5 миңге жакын сатуучу кассасыз иштеген. Жыл башынан бери Соода министрлиги тарабынан азык-түлүк базарларында рейддер жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 150 ортомчу аныкталып, соода тармагынан четтетилген. Өлкөбүздүн 60тан ашык базарларында текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада 486 мыйзам бузуу фактысы аныкталган Ал эми Каржы министрлиги тарабынан 38 базарда жүргүзүлгөн текшерүүдө 4 миң 843 сатуучу кассалык аппараты жок иштеп, 5 миң 846 сатуучуда POS-терминалдары жок экени аныкталган. Мындан тышкары, мыйзамсыз жүгүртүүдөн маркасы жок 32 500 даана тоок жумурткалары алынган. Ички иштер органдары тарабынан 2 миң 345 мыйзамсыз соода жана 201 мыйзамсыз ишкердик фактылары аныкталган


