Кара-Сууда 225 ипотекалык батир тапшырылды: Президент онлайн катышты
Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Бүгүн Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы "Асман Резиденс" турак жай комплексинде курулган ипотекалык батирлер өз ээлерине тапшырылды Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине өлкө башчысы Садыр Жапаров онлайн фо

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Бүгүн Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы "Асман Резиденс" турак жай комплексинде курулган ипотекалык батирлер өз ээлерине тапшырылды Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине өлкө башчысы Садыр Жапаров онлайн форматта катышты Бул иш-чаранын алкагында беш кабаттан турган беш блок үй, тагырак айтканда, жалпы 225 батир берилди. Анын ичинде: Турак жай комплексинде 830 чарчы метрди түзгөн балдар аянтчасы, 74 орундуу жер үстүндөгү унаа токтотуучу жай, ошондой эле футбол аянтчасы жана спорт комплекси бар Азыркы учурда аталган аймактагы дагы 1,95 гектар аянтка кошумча беш кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери кызуу жүрүүдө


