Кант жана Өзгөн шаарлары жаңыча өнүктүрүлөт
Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигинде Россия – БУУӨП Трасттык фондунун мониторингдик миссиясы, Россия өкмөтүнүн жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү Ведомстводон маалымдашкандай, анда өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү жана инвестиция тар

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигинде Россия – БУУӨП Трасттык фондунун мониторингдик миссиясы, Россия өкмөтүнүн жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү Ведомстводон маалымдашкандай, анда өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу багытындагы кызматташтыктын кадамдары аныкталды Талкуунун алкагында жылдарга карата региондордо өсүштүн таяныч чекиттерин калыптандыруу жана аймактарды пландоодо заманбап ыкмаларды киргизүү маселелери каралды Кызматташтыктын алгачкы практикалык кадамы катары БУУӨП Кант шаары үчүн пилоттук мастер-пландарды иштеп чыгууга эксперттик колдоо көрсөтүүдө. Ушундай эле экономикалык активдүүлүктү стимулдаштыруу долбоору Өзгөн шаарында да улантылууда Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен демилгелер региондордо жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ишкердикти кеңейтүүгө жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилеп, долбоорлорду ишке ашырууну улантууну макулдашышты


