Канада менен Босния жана Герцеговина тең чыгуу менен ойноду
Футбол майрамы Канадага да жетти. 12-июндан 13-июнга караган түнү Торонто стадионунда Дүйнө чемпиондугунун “В” тайпасында биринчи беттеш өттү. Мелдештин ээлери Босния жана Герцеговина курама командасы менен беттешти Оюндун 21-мүнөтүндө европалык командадан Лукич Йовонун топу дарбазага тийди. Канада

Футбол майрамы Канадага да жетти. 12-июндан 13-июнга караган түнү Торонто стадионунда Дүйнө чемпиондугунун “В” тайпасында биринчи беттеш өттү. Мелдештин ээлери Босния жана Герцеговина курама командасы менен беттешти Оюндун 21-мүнөтүндө европалык командадан Лукич Йовонун топу дарбазага тийди. Канада курамасы биринчи таймда эсепти теңөөгө канчалык аракет кылбасын, атаандаштары ага жол беришкен жок. Беттештин 79-мүнөтүндө гана оюнга нөлдөн кошулган Кайл Ларин эсепти теңдеп, жергиликтүү күйөрмандарды кубандырды. Беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады Эми дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү күнүндө кандай беттештер орун алаарына токтоло кетели. Астана убактысы боюнча саат 23:50дө "В" тайпасында Катар менен Швейцария командалары беттешет.13төн 14кө караган түнү саат 02:50дө С тайпасында Бразилия менен Марокко беттеши өтөт.Ал эми таңкы саат 05:50дө Гаити Шотландия менен беттешет


