Калыбек Жумадылов АРИСтин жаңы аткаруучу директору болуп дайындалды
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) Байкоочу кеңеши жаңы аткаруучу директор болуп Калыбек Жумадыловду дайындады. Чечим 4-июнда бир добуштан кабыл алынды Жаңы жетекчини командага президенттик администрациянын ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы Тилек Бая

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) Байкоочу кеңеши жаңы аткаруучу директор болуп Калыбек Жумадыловду дайындады. Чечим 4-июнда бир добуштан кабыл алынды Жаңы жетекчини командага президенттик администрациянын ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы Тилек Баянбек тааныштырды. Ал аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууну бекемдөө жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча долбоорлорду мындан ары ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи Калыбек Жумадылов укук коргоо органдарында жана мамлекеттик башкаруу системасында иштеген тажрыйбасы бар. Эмгек жолун ички иштер органдарында баштап, коррупцияга, экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмдөрүндө ар кандай кызматтарды аркалаган. Бул жылдары Ички иштер министрлигинде жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында иштеген


