Tenqri
Башкы бет
Спорт

Экспорттоодо айыл чарба продукциясынын коопсуздугуна жана сапатына азыркы талаптар кандай?

Экспортко чыгарылуучу айыл чарба продукциясынын фитосанитардык коопсуздугуна жана сапатына карата фитосанитардык талаптар баруучу өлкөгө жана продукциянын түрүнө жараша айырмаланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги билдирди Фитосанитардык талаптар: — Зыянкечтердин жана өсү

0 көрүүknews.kg
Экспорттоодо айыл чарба продукциясынын коопсуздугуна жана сапатына азыркы талаптар кандай?
Paylaş:

Экспортко чыгарылуучу айыл чарба продукциясынын фитосанитардык коопсуздугуна жана сапатына карата фитосанитардык талаптар баруучу өлкөгө жана продукциянын түрүнө жараша айырмаланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги билдирди Фитосанитардык талаптар: — Зыянкечтердин жана өсүмдүктөрдүн козгогучтарынын жоктугу — Фитосанитардык сертификаттарды көрсөтүү — экспорттоочу өлкөнүн өтүнүчү боюнча продукцияны дезинфекциялоо Гигиена стандарттары жана тамак-аш коопсуздугу: — Пестициддердин жана химиялык заттардын курамына, алгылыктуу калдык деңгээлине карата стандарттардын сакталышы — Зыяндуу микроорганизмдердин, зыяндуу заттардын жана контаминанттардын жоктугу — таңгактоо, ташуу жана сактоодо санитардык талаптардын сакталышы Техникалык стандарттар жана белгилер: — Составын, жарактуулук мөөнөтүн, сактоо шарттарын көрсөтүү менен керектүү тилде маркировканы колдонуу — таңгактоо стандарттарын сактоо (гигиеналык, пломбаланган, бузулуудан корголгон) Сертификат жана документтер: — стандарттарга ылайыктуулугун тастыктаган экспорттук сертификаттар (мисалы, фитосанитардык жана ветеринардык сертификаттар, шайкештик сертификаттары) — Лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү — Экспорттоодон мурун конкреттүү сатып алуучу өлкөнүн талаптары менен кеңири таанышып чыгуу сунушталат, анткени алар эл аралык стандарттарды толуктап же бекемдей алат

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler