Ататүрк паркын реконструкциялоо иштери кандай жүрүп жатат (видео)
Бишкекте Ататүрк паркын реконструкциялоо иштери уланууда. Парктагы иштердин көбү бүткөрүлгөнү менен жашылдандыруу иштери аягына чыга элек Парктагы аллеялар жаңыртылды: айрым жолдорго асфальт төшөлсө, айрым жерлерине жаңы брусчаткалар төшөлдү. Ошондой эле бардык аймакка жаңы отургучтар жана чырактар

Бишкекте Ататүрк паркын реконструкциялоо иштери уланууда. Парктагы иштердин көбү бүткөрүлгөнү менен жашылдандыруу иштери аягына чыга элек Парктагы аллеялар жаңыртылды: айрым жолдорго асфальт төшөлсө, айрым жерлерине жаңы брусчаткалар төшөлдү. Ошондой эле бардык аймакка жаңы отургучтар жана чырактар орнотулган Бирок паркта азырынча таштанды челектери жок. Мындан улам зыяратчылар таштандыларды так отургучтарга таштап кетишет. Парк дагы эле оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат жана учурда жүрүп жаткан иштерге байланыштуу урналар орнотула элек болушу мүмкүн Көлмөнүн аймагы толугу менен жаңыланган, бирок ал жакка суу чыга элек Ататүрк сейил багын реконструкциялоо иштери 2025-жылдын августунда башталган. Буга чейин алар жаңыланган аянтты сейилдөө, спорт жана экологиялык тазалыкка басым жасоо менен аттракциондорсуз эс алуу аймагына айландырууну пландап жатканы маалымдалган Долбоорго ылайык, паркта йога аянтчалары, шахмат аянтчасы, воркаут аянтчалары жана велосипед жолдору болушу керек. Ошондой эле Ооган жоокерлеринин эстелигин жаңылоо, балдар аянтчаларын жана спорт аянтчаларын куруу, иппотерапия аянтчасын, байкоочу аянтчасы бар көлмө, пикник аянтчаларын, чуркоо жана велосипед жолун куруу пландаштырылган Буга чейин мэрия сейил бактагы кошумча 5 гектар жер шаардын балансына кайтарылганын билдирген. Бийлик сейил бак борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн заманбап коомдук жай катары өнүктүрүлөөрүн билдирди


