Кадамжайда жаңы бассейн ишке кирди: 1500 га жерди суу менен камсыздайт
Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында оңдоодон өткөн "Герой" суткалык жөнгө салуучу бассейни ачылды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган бассейндин көлөмү 120 миң куб метрди түзөт. Эми Кыргыз-Кыштак айылындагы 1 50

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында оңдоодон өткөн "Герой" суткалык жөнгө салуучу бассейни ачылды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган бассейндин көлөмү 120 миң куб метрди түзөт. Эми Кыргыз-Кыштак айылындагы 1 500 га жер аянтын сугат суу менен камсыз кылуу жакшырат Бассейнде механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүп, дамбанын жээктери бекемделди. Курулуш мамлекеттик бюджеттен каржыланды Белгиленгендей, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен ирригация системасын оңдоп-түзөөгө, жаңылоого жана курууга жыл сайын ири финансылык каражаттар бөлүнүп жатат. Мисалы, 2021-жылы 520 млн сом, 2025-жылы 1,4 млрд сом бөлүнсө, ал эми 2026-жылы 10,3 млрд сом каралып, бүгүнкү күнү 1,6 млрд сом өздөштүрүлдү


