Министрлер кабинети жеке маалыматтарды коргоо боюнча жаңы талаптарды бекитти
Бишкек (АКИpress) – Кыргызстандын министрлер кабинети санариптик технологиялык системаларда жеке маалыматтарды коргоо боюнча жаңы талаптарды бекитти. Тийиштүү No384 токтомго 2-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду Документ Санариптик кодекстин жоболорун ишке ашыруунун

Бишкек (АКИpress) – Кыргызстандын министрлер кабинети санариптик технологиялык системаларда жеке маалыматтарды коргоо боюнча жаңы талаптарды бекитти. Тийиштүү No384 токтомго 2-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду Документ Санариптик кодекстин жоболорун ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган жана алардын коопсуздук деңгээлине жараша жеке маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды белгилейт Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке алты айлык мөөнөттө токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды Ошол эле учурда бул жаатта мурда колдонулуп келген ченемдик-укуктук актылар жараксыз деп табылган. Кеп Өкмөттүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 токтому менен жеке маалыматтарды маалыматтык системаларда иштеп чыгууда алардын коопсуздугун жөнгө салуу, ошондой эле аларга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 27-сентябрындагы No 536 токтому менен бекитилген Документтин аткарылышын контролдоо Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо бөлүмүнө жүктөлсүн Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет


