Министрлер кабинети Кыргызстандын илимий уюмдарынын финансылык өз алдынчалыгын кеңейтет
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги илимий ишмердиктин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар бюджеттен тышкаркы каражаттарды өз алдынча тартууга жана акы төлөнүүчү кызмат

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги илимий ишмердиктин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар бюджеттен тышкаркы каражаттарды өз алдынча тартууга жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөөгө көбүрөөк укуктарды алышат. Документ коомдук талкууга жарыяланды Илим министрлиги төрт документти өзгөртүүнү сунуштап жатат, ага ылайык, илимий уюмдар келишимдик негизде илимий-изилдөө, билим берүү, консультациялык, басма жана башка ишмердүүлүктөн расмий түрдө киреше ала алат. Акы төлөнүүчү кызматтардын жана жумуштардын тарифтери Улуттук илимдер академиясынын өзү жана ага караштуу мекемелер тарабынан белгиленет жана жөнгө салынат. Мындан тышкары, атайын эсептерде топтоло турган каражаттардын тизмеси көрсөтүлгөн Негиздемеде белгиленгендей, өзгөртүүлөрдүн негизги максаты мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын финансылык жана уюштуруучулук көз карандысыздыгын кеңейтүү болуп саналат «Учурда алар негизинен республикалык бюджетке көз каранды, бул алардын өнүгүүсүн жана инновацияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн чектейт «Токтомдун кабыл алынышы илимий уюмдарга финансылык туруктуулукту жогорулатууга, кошумча бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууга, материалдык-техникалык базаны модернизациялоого жана илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын өлкөнүн экономикасына активдүү киргизүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат документте Долбоор жаңы мамлекеттик кызматтарды киргизбейт жана бардык өзгөртүүлөр бюрократиядан арылтуу жана ата мекендик илимди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган Токтомду ишке ашыруу прикладдык илимий изилдөөлөргө түрткү берет, кыргыз илиминин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат жана республиканын экономикасын инновациялык өнүктүрүүгө салым кошот деп күтүлүүдө


