Министрлер кабинети Кыргызстандын жаңы гимнин тандоо эрежесин өзгөрттү
Министрлер кабинети Кыргызстандын жаңы гимнин түзүү боюнча сынакты 2026-жылдын 1-декабрына чейин узартууну пландоодо.Бул тууралуу Маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин жыйынында билдирди Анын айтымында, 14-майда комиссиянын жыйынында сынакты

Министрлер кабинети Кыргызстандын жаңы гимнин түзүү боюнча сынакты 2026-жылдын 1-декабрына чейин узартууну пландоодо.Бул тууралуу Маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин жыйынында билдирди Анын айтымында, 14-майда комиссиянын жыйынында сынактын форматын өзгөртүү чечими кабыл алынды: ачык сынактын ордуна авторлорго жана чыгармачыл союздарга мамлекеттик заказдарды берүү, мөөнөтүн 1-декабрга чейин узартуу сунушталды «Ачык сынак күтүлгөн жыйынтыкты берген жок, ошондуктан бул долбоорду мамлекеттик заказ аркылуу ишке ашыруу сунушталууда», - деди министрдин орун басары Эске салсак, гимнди 2024-жылы өзгөртүү идеясын парламенттин спикери Нурланбек Тургунбек уулу айткан. Кийинчерээк президент бул сунушту колдогон. 2025-жылдын февраль айында Маданият министрлиги сынак жарыялап, апрель айына чейин 700дөн ашык эмгек келип түшкөн. Бирок долбоорлордун бири да мамлекеттик символго коюлган бардык талаптарга жооп берген эмес. Ал эми Маданият министрлиги кайталап сынак жарыялады. Экинчи сынактын жыйынтыгы менен Маданият министрлиги жаңы гимндин үч вариантын депутаттардын кароосуна сунуштап, бирок депутаттар анын баарын четке кагышты. Жаңы сынак жарыяланып, комиссияны мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жетектеди
Diğer Haberler

Стерлинг 61,75 лирадан, евро 53,45 лирадан, доллар 46,35 лирадан сатылууда - Havadis гезити | Кипр жаңылыктары

За удобство приходится платить. Почему вместе с новыми сервисами выросли и тарифы на госуслуги на Акчабаре
