Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бийик тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жаңы токтомдорду кабыл алды

2026-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №398 “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө” жана №399 “Кыргыз Республикасынын алыскы, барууга кыйын жана бийик тоолуу аймактарда жашаган жана иштеген

0 көрүүknews.kg
Бийик тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жаңы токтомдорду кабыл алды
Paylaş:

2026-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №398 “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө” жана №399 “Кыргыз Республикасынын алыскы, барууга кыйын жана бийик тоолуу аймактарда жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонууну жөнгө салуу жөнүндө” токтомдору кабыл алынган Эмгек министрлиги билдиргендей, бул ченемдик укуктук актылар “Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу жана социалдык кепилдиктерди берүү механизмин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан Токтомдор Кыргызстандын бийик тоолорунда жана алыскы жетүүгө кыйын калктуу конуштарында жашаган жана иштеген жарандар үчүн аймактык коэффициенттерди, эмгек акыны пайыздык жогорулатууну, ошондой эле башка кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуунун тартибин аныктайт Бул токтомдордун кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын No 398 токтому жана No 399 токтому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет Бул токтомдор Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтынын эмгек маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар бөлүмүндө жайгаштырылган https://drive.google.com/file/d/1apHJMqxRDFno4R-yurhPh9I8cTb_WvuK/view https://drive.google.com/file/d/1tTldpItXwTiO8kLnBa6EeA1xfBcA-I4e/view

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler