"Кабар" агенттиги "Элдик кабар" социалдык медиа-долбоорун ишке киргизет
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги жарандар менен байланышты чыңдоо жана коомчулуктун маалымат мейкиндигине катышуусун кеңейтүү максатында "Элдик кабар" аттуу жаңы социалдык медиа-долбоорун ишке киргизет Долбоордун алкагында өлкө жарандары өздөрү күбө болгон окуялар, кызыктуу фактылар, социа

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги жарандар менен байланышты чыңдоо жана коомчулуктун маалымат мейкиндигине катышуусун кеңейтүү максатында "Элдик кабар" аттуу жаңы социалдык медиа-долбоорун ишке киргизет Долбоордун алкагында өлкө жарандары өздөрү күбө болгон окуялар, кызыктуу фактылар, социалдык демилгелер, жергиликтүү көйгөйлөр, мыйзам бузуулар, инфраструктуралык маселелер, маданий жана спорттук иш-чаралар тууралуу фото, видео жана тексттик материалдарды редакцияга жөнөтө алышат Билдирүүлөрдү төмөнкү номер аркылуу WhatsApp жана Telegram тиркемелери менен жөнөтүүгө болот: Келип түшкөн маалыматтар агенттиктин редакциясы тарабынан текшерилет. Коомдук мааниси жогору жана тастыкталган материалдардын негизинде жаңылыктар, репортаждар жана башка журналисттик материалдар даярдалат Долбоордун негизги максаты — жарандар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы байланышты чыңдоо, коом үчүн маанилүү окуяларды ыкчам чагылдыруу жана аймактардагы көйгөйлөр менен жетишкендиктерди кеңири коомчулукка жеткирүү "Элдик кабар" долбоору ар бир жаранга өлкөнүн маалыматтык күн тартибин калыптандырууга салым кошууга, коомдук маселелерге көңүл бурууга жана өз үнүн жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет Маалымат үчүн: Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги 1937-жылы негизделген жана өлкөнүн алгачкы маалымат агенттиги болуп саналат. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды жарыялап, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы негизги окуяларды чагылдырат. Бүгүнкү күндө "Кабар" дүйнөнүн бир катар алдыңкы маалымат агенттиктери менен кызматташып, расмий маалыматтык булактардын бири болуп эсептелет "Кабар" агенттиги бардык жарандарды "Элдик кабар" долбооруна катышууга жана өлкөнүн маалымат мейкиндигин биргелешип өнүктүрүүгө чакырат


