Актөбөдө “Жасыл кросс – 2026” иш-чарасы өттү
Актөбөдө “Жасыл кросс – 2026” экологиялык сынагы уюштурулду. Ага шаардын активдүү жаштары жана волонтерлор катышты. Мелдеш Актөбө-Ушкудык автожолунун боюнда өттү. Эрежеге ылайык, ар бир команда алты катышуучудан турат. Алар 40 мүнөттүн ичинде өздөрүнө берилген баштыктарга көп өлчөмдөгү таштандыларды

Актөбөдө “Жасыл кросс – 2026” экологиялык сынагы уюштурулду. Ага шаардын активдүү жаштары жана волонтерлор катышты. Мелдеш Актөбө-Ушкудык автожолунун боюнда өттү. Эрежеге ылайык, ар бир команда алты катышуучудан турат. Алар 40 мүнөттүн ичинде өздөрүнө берилген баштыктарга көп өлчөмдөгү таштандыларды чогултууга үлгүрүшү керек. “Таза Казакстан” акциясынын алкагында уюштурулган иш-чарага жаштар активдүү катышты. Эң көп таштанды чогулткан командага ыраазычылык каттары жана белектер тапшырылды


