Бразилияда эки тик учактын кагылышынан белгилүү америкалык ырчы каза болду (видео)
32 жаштагы америкалык ырчы, композитор Оливер Три дүйнөлүк турненин алкагында Бразилияда болгон жана Рио-де-Жанейродо кыйраган тик учактардын биринде болгон. Бул тууралуу Франс Пресс жекшембиде, 14-июнда полициядагы булакка таянып билдирди Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Telegram каналы

32 жаштагы америкалык ырчы, композитор Оливер Три дүйнөлүк турненин алкагында Бразилияда болгон жана Рио-де-Жанейродо кыйраган тик учактардын биринде болгон. Бул тууралуу Франс Пресс жекшембиде, 14-июнда полициядагы булакка таянып билдирди Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Telegram каналында DW билдиргендей, өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, эки тик учак Рекрейо-дус-Бандейрантес шаарынын чет жакасынын үстүндө абада кагылышкан. Тик учактардын биринде беш адам, экинчисинде учкуч болгон. Натыйжада бардыгы каза болушту. Жүргүнчүлөрдүн арасында бразилиялык музыкалык продюсер, аргентиналык видеорежиссер жана аргентиналык Ютубер Гаспар Прим (Gaspi) болгон AP дагы алты жабырлануучуну билдирди. Окуянын себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат Кагылышуудан кийин тик учактар электромобил сатуучу жайдын унаа токтотуучу жайына түшүп кетип, 20дай унаа күйүп кеткен Булактын айтымында, каза болгондордун аты-жөнүн азырынча аныктоо мүмкүн эмес, анткени денелер катуу күйүп кеткен Оливер Три "Life Goes On", "Miss you" жана "Alien Boy" хиттери менен белгилүү болгон. Анын чыгармалары Spotify'да 11 миллиондон ашык айлык агымга жетет. Кээ бир хиттердин 700 миллиондон ашык агымы бар


