Израилдик жоокерлер өспүрүм кезинде жалданган
Израилде Ирандын чалгын кызматы менен кызматташкан деп шектелген төрт киши кармалды. Бул тууралуу Израилдин полициясы, ички коопсуздук кызматы жана армиясынын биргелешкен билдирүүсүндө айтылат Маалыматка ылайык, Ирандын чалгын кызматы менен кызматташкан деп шектелгендердин үчөө аскер кызматкерлери

Израилде Ирандын чалгын кызматы менен кызматташкан деп шектелген төрт киши кармалды. Бул тууралуу Израилдин полициясы, ички коопсуздук кызматы жана армиясынын биргелешкен билдирүүсүндө айтылат Маалыматка ылайык, Ирандын чалгын кызматы менен кызматташкан деп шектелгендердин үчөө аскер кызматкерлери, дагы бири жарандык Докладда аскер кызматчылары өспүрүм кезинде аскер кызматын өтөөрдөн мурда Ирандын чалгындоо кызматы менен байланышты сактап, шпиондук операцияларга катышканы белгиленген Израилдин Аскердик Аба күчтөрүнүн техникалык мектебинде машыккан жоокерлер бул жерди жана анын айланасын сүрөткө тартып, Иранга жөнөтүштү Кармалгандар Ирандын атайын кызматтарына темир жол бекеттери, соода борборлору жана коопсуздук камералары тууралуу да маалымат беришкен Март айында камалган төрт адам бүгүн сотко келет


