Израиль испан дипломатын чакырды
Израил Испаниянын Малага провинциясында премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун сөлөкөтү өрттөлгөндөн кийин Испаниянын убактылуу ишенимдүү өкүлү Франсиско Педрос Карретеро Тель-Авивге расмий сөгүш үчүн чакырды Окуя 5-апрелде салттуу "Иуданы өрттөп жиберүү" ырымынын алкагында болгон, анда Израил өкмө

Израил Испаниянын Малага провинциясында премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун сөлөкөтү өрттөлгөндөн кийин Испаниянын убактылуу ишенимдүү өкүлү Франсиско Педрос Карретеро Тель-Авивге расмий сөгүш үчүн чакырды Окуя 5-апрелде салттуу "Иуданы өрттөп жиберүү" ырымынын алкагында болгон, анда Израил өкмөтүнүн башчысынын сүрөтү түшүрүлгөн жети метрлик сөлөкөт өрттөлгөн. Жергиликтүү бийликтер бул акцияны Израилдин Газа тилкесиндеги аскерий аракеттерине каршы чыгуу катары түшүндүрүштү Израилдин Тышкы иштер министрлиги "Испаниянын убактылуу ишенимдүү өкүлү сөгүш берүү үчүн чакырылганын" белгилеп, испан өкмөтүн антисемитизмди "системалуу турде козутуп" жатат жана бул маселе боюнча эч кандай чара көрбөй жатат деп айыптады. Тышкы иштер министрлиги ошондой эле "үрөй учурган антисемиттик жек көрүү" Испаниянын премьер-министри Педро Санчестин саясатынын түздөн-түз кесепети экенин баса белгиледи Испания айыптоолорду четке кагып, өлкөнүн өкмөтү "антисемитизмге жана жек көрүүнүн же дискриминациянын эч кандай түрлөрүнө каршы күрөшүүгө даяр экенин" баса белгиледи, деп билдирди TVE булактарына таянуу менен


