Израил өз сөзүн айтты
Израилдин Коргоо күчтөрү (IDF) Ливандагы, Сириядагы жана Газа тилкесиндеги коопсуздук зонасында түбөлүккө кала берет, деп билдирди өлкөнүн коргоо министри Израил Катц «Премьер-министр Нетаньяху экөөбүздүн так саясатыбыз бар, Израиль аскерлери чек араны жана израилдик жамааттарды жихадчыл элементте

Израилдин Коргоо күчтөрү (IDF) Ливандагы, Сириядагы жана Газа тилкесиндеги коопсуздук зонасында түбөлүккө кала берет, деп билдирди өлкөнүн коргоо министри Израил Катц «Премьер-министр Нетаньяху экөөбүздүн так саясатыбыз бар, Израиль аскерлери чек араны жана израилдик жамааттарды жихадчыл элементтерден коргоо үчүн Ливандагы, Сириядагы жана Газадагы коопсуздук аймактарында түбөлүккө кала берет», - деди ал Катц «бардык кысымга карабастан» израилдик аскерлердин Ливандан чыгарылып кетишине каршы экендигин баса белгиледи. Катц Нетаньяху бул позицияны АКШнын президенти Дональд Трамптын жана башка жогорку даражалуу америкалык аткаминерлердин көңүлүнө жеткиргенин ырастады. Бул теманы Израилдин коргоо министри өзү америкалык кесиптеши Пит Хегсет менен талкуулады Буга чейин маалымат булактарына таянуу менен Нетаньяху Трампка Ливандан аскерлерин чыгарбай турганын айтканын жазып чыгышкан Дүйшөмбү күнү кечинде Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф АКШ менен Иран согуштук аракеттерди токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенин жана 19-июнда Швейцарияда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшарын билдирди. Анын айтымында, эки тарап тең бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда да согуштук аракеттерди токтоосуз токтотууну жарыялашты


