Израил Ливанга сокку уруусун токтоткон жок
Израил Ливанга сокку уруусун токтоткон жок Ок атышууну токтотууга карабастан Израил Ливанга чабуулун улантууда. Акыркы суткадагы кол салууда 17 киши каза болду. Снаряддар үйгө тийди. Март айынан бери Ливанда Израилдин кол салууларынан каза болгондордун саны 3500гө жетти. 11 миңден ашуун тургун жара

Израил Ливанга сокку уруусун токтоткон жок Ок атышууну токтотууга карабастан Израил Ливанга чабуулун улантууда. Акыркы суткадагы кол салууда 17 киши каза болду. Снаряддар үйгө тийди. Март айынан бери Ливанда Израилдин кол салууларынан каза болгондордун саны 3500гө жетти. 11 миңден ашуун тургун жаракат алган. Израиль армиясы "Хезболла" тобунун инфраструктурасын талкалап жатканын жарыялады. Буга жооп иретинде куралдуу топ Израилдин аймагына ракеталарды учурат АКШда инфляциянын деңгээли 4 пайыздан ашты АКШда инфляциянын деңгээли акыркы 3 жылдын эң жогорку чегине жетти. Бул керсеткуч жыл сайын 4 проценттен ашты. Бул тууралуу АКШнын Эмгек статистикасы бюросу билдирди. Америка Кошмо Штаттарынын экономикасы Жакынкы Чыгыштагы чыңалуудан улам келип чыккан энергетикалык кризистин кысымында. Бирок алдыңкы экономисттердин баамында, инфляциянын деңгээли жыл аягына чейин төмөндөшү мүмкүн Тополоңдо 12 полиция кызматкери жаракат алган Түндүк Ирландиядагы баш аламандыктар экинчи күн катары менен уланууда. Нааразычылыкка судандык качкындын жергиликтүү тургунду бычактап салганы себеп болгон. Андан кийин беткапчан адамдар мигранттарга каршы жөө жүрүшкө чыгып, унааларды өрттөшкөн. Милиция митингге чыккан топту суу чачып таратууга аракет кылган. Демонстранттар күйүүчү заттар толтурулган бөтөлкөлөрдү ыргытып, 12 укук коргоо кызматкерин жарадар кылышкан. 16 адам кармалган Швецияда кылмыш жоопкерчилигинин жашы өзгөргөн жок Швеция өкмөтү кылмыш жоопкерчилигине тартуу жашын 13кө түшүрүү сунушун кайра чакыртып алды.Анткени бул демилге парламентте колдоо тапкан жок. Эми 14 жашка чыга элек адамдардын кылмыш жоопкерчилиги боюнча жаңы мыйзам долбоору даярдалат. Жашы жете электердин жана өспүрүмдөрдүн уюшкан кылмыштуулукка аралашуусу күчөгөнүнө байланыштуу бийлик өзгөртүү киргизүүгө аракет кылып жаткан. Бирок бул план эксперттердин, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын сынына кабылды


