No24 мектептин ремонтуна акча чогултулгандыктан кылмыш иши козголгон
Бишкек шаарынын прокуратурасы No24 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду Маалым болгондой, КР Президентинин «Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы менен белгиленген талаптардын

Бишкек шаарынын прокуратурасы No24 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду Маалым болгондой, КР Президентинин «Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы менен белгиленген талаптардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү Прокуратуранын маалыматы боюнча, Бишкектеги No24 мектептин жооптуу кызматкерлери окуучулардын ата-энелеринен оңдоо иштерине мыйзамсыз акча чогултушкан. Чогулган каражаттын жалпы суммасы сом болгон, ал эми бул каражаттардын бир бөлүгү жашаган жеринде билим берүү мекемесинин кызматкерлеринин биринде сакталган Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат


