Соң-Көлдөн дагы эки чакырымдай мыйзамсыз орнотулган торлор алынды
Соң-Көлдөн дагы эки чакырымдай мыйзамсыз орнотулган торлор алынды. Бир күн мурда ушул эле көлдөн жалпы узундугу 2,5 чакырымдай болгон торлор чыгарылды Рейддерди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторл

Соң-Көлдөн дагы эки чакырымдай мыйзамсыз орнотулган торлор алынды. Бир күн мурда ушул эле көлдөн жалпы узундугу 2,5 чакырымдай болгон торлор чыгарылды Рейддерди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүштү Рейддин жүрүшүндө көлдүн акваториясы тыкыр текшерилип, жыйынтыгында мыйзамсыз орнотулган синтетикалык торлор аныкталып, алынган. Көлдө көптөн бери турган 2000 метрдей эски торлор суудан көтөрүлдү Эскирген жана суу сактагычта калган торлор көлдүн экосистемасына олуттуу зыян келтирип, суу организмдеринин өлүмүнө алып келет жана биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына шарт түзөт


