Ош шаарынан Кыргызстан – Алтай – Монголия –
Бүгүн, 10-июнда Ош шаарынан “Көчмөндөр жолу” эл аралык автожол экспедициясы старт алды. Беш катышуучу шаардык муниципалитеттин колдоосу менен эки жол тандабас унаасы менен саякатка чыгышты Экспедиция маршруту Алматы, Талдыкорган, Семей, Барнаул, Горный Алтай аркылуу өтүп, андан ары Монголияга өтөт

Бүгүн, 10-июнда Ош шаарынан “Көчмөндөр жолу” эл аралык автожол экспедициясы старт алды. Беш катышуучу шаардык муниципалитеттин колдоосу менен эки жол тандабас унаасы менен саякатка чыгышты Экспедиция маршруту Алматы, Талдыкорган, Семей, Барнаул, Горный Алтай аркылуу өтүп, андан ары Монголияга өтөт. Жолдун жалпы узундугу 8 миң километрге жакын, ал эми жолдун өзү 30 күнгө созулат Уюштуруучулардын айтымында, экспедициянын негизги максаты – Улуу көчмөндөр жолунун тарыхый-маданий мурастарын изилдөө, боордош элдердин достук байланышын чыңдоо жана туризмди жайылтуу Сапардын жүрүшүндө катышуучулар табигый жана тарыхый жерлерди кыдырып, жергиликтүү тургундардын каада-салты, маданияты жана жашоосу менен таанышат. Саякатчылар экспедициянын жүрүшү тууралуу социалдык тармактарда айтып беришет


