Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстанда оор кылмыш жасаган деп айыпталган эки жаран Грузиядан экстрадицияланды

«Кыскача» (АКИpress) - Башкы прокуратура Грузия жана Казакстандын бийликтери менен биргеликте оор кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн эки жаранды Кыргызстандын аймагына алып келди Башкы прокуратура билдиргендей, алардын бири Т.Ж. - алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жаса

0 көрүүakipress.org
Кыргызстанда оор кылмыш жасаган деп айыпталган эки жаран Грузиядан экстрадицияланды
Paylaş:

«Кыскача» (АКИpress) - Башкы прокуратура Грузия жана Казакстандын бийликтери менен биргеликте оор кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн эки жаранды Кыргызстандын аймагына алып келди Башкы прокуратура билдиргендей, алардын бири Т.Ж. - алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган адам уурдоо боюнча айыпталган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кол салгандар жабырлануучуну шаардын сыртына алып чыгып, күч колдонобуз деп коркутуп, коммерциялык уюмду өздөрүнүн атына кайра каттоого мажбурлашкан Окуяга катышкан экинчи адам Х.А. - өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык боюнча айыпталган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен жарандардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, 90 миллион сомдон ашык зыян келтирген Экстрадицияланган адамдар ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Грузиядан Кыргызстанга алынып келинип, андан ары кылмыш ишин козгоо үчүн СИЗОго киргизилди

Diğer Haberler