“Адистик тандоодо келечекти ойлош керек” – Билим берүү тармагындагы эксперт
"Азыр кимдир бирөө диплом үчүн эле барып, төрт жыл окуп, анан жумушсуз калгысы келбейт. Бүгүнкү күндө технология ушунчалык ылдамдыкта өнүгүп жаткандыктан, жасалма интеллект, санариптик маркетинг, маалыматтарды аналитика сыяктуу тармактар келечек эмес, бүгүнкү күндүн чындыгы болуп калды. Эгер жаш а

"Азыр кимдир бирөө диплом үчүн эле барып, төрт жыл окуп, анан жумушсуз калгысы келбейт. Бүгүнкү күндө технология ушунчалык ылдамдыкта өнүгүп жаткандыктан, жасалма интеллект, санариптик маркетинг, маалыматтарды аналитика сыяктуу тармактар келечек эмес, бүгүнкү күндүн чындыгы болуп калды. Эгер жаш адам бул санариптик дүйнөдө өзүн көрбөсө, кайсы тармакты тандабасын, ал бир кадам артта калат" Бул тууралуу 525.az агенттигине билим берүү боюнча эксперт Амрах Хасанли билдирди. Эксперт бүгүнкү күндө жакшы мугалим, психолог же инженерге болгон муктаждык эч качан азайбай турганын, бирок ал инженер же мугалим өз ишин заманбап шаймандар менен айкалыштыра билиши керектигин баса белгиледи: "Адистик тандоодо бүгүнкү рейтингди эле эмес, 10 жылдан кийинки дүйнөнү караш керек. Ийкемдүү болуп, үйрөнүүгө үйрөнүшү керек. Азыр диплом деген жөн эле эшик, ал эшиктен кирип, ошол жерде калуу үчүн адамдын жекече жөндөмү, заман талабына ылайыкташа билүү керек"

