Беларусь Премьер-министринин Кыргыз Республикасына иш сапарынын жыйынтыгы: өнөр жай кооперациясы жана 12 документ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Аппарат жетекчиси Адылбек Касымалиев менен өлкөгө расмий сапар менен келген Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги бир катар маселелерди талкуулап, өнөр жай коопер
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Аппарат жетекчиси Адылбек Касымалиев менен өлкөгө расмий сапар менен келген Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги бир катар маселелерди талкуулап, өнөр жай кооперациясын бекемдөө боюнча кадамдарды белгилешти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Адылбек Касымалиев соода-экономикалык кызматташтыктын туруктуу оң динамикасын белгиледи. 2020-2025-жылдар аралыгында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 4,5 эсеге – 46 миллион доллардан 206 миллион долларга чейин өстү. Өткөн жылдын аягында өз ара сооданын көлөмүнүн өсүшү 54%дан ашыкты түздү. 2030-жылга чейинки Жол картасынын алкагында тараптар бул көрсөткүчтү 500 миллион долларга жеткирүүнү пландап жатышат Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Адылбек Касымалиев басма сөзгө билдирүү жасап, анда жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып, өнөктөштүктүн негизги артыкчылыктарын белгиледи:

