Израилдин улуттук коопсуздук министрине Польшага кирүүгө тыюу салынды
«Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирге Польшага кирүүгө тыюу салынды» Бул тууралуу Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорски билдирди, деп маалымдайт 525.az "Быйыл ал Польшага келүүгө аракет кылган, бирок биз ага уруксат берген жокпуз. Учурда анын кирүүсүнө расмий түрдө т

«Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирге Польшага кирүүгө тыюу салынды» Бул тууралуу Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорски билдирди, деп маалымдайт 525.az "Быйыл ал Польшага келүүгө аракет кылган, бирок биз ага уруксат берген жокпуз. Учурда анын кирүүсүнө расмий түрдө тыюу салынды", — деди ТИМ башчысы Ал Бен-Гвирди Польшадагы коомдук тартипке коркунуч келтирген «шовинист жана нарциссист» деп атады Бейшембиде Польшанын тышкы иштер министри ички иштер министрлигине Бен-Гвирдин өлкөгө киришине расмий тыюу салуу өтүнүчүн жөнөттү. Ошол эле күнү Польшанын ички иштер жана администрация министри Марчин Кервински Израилдин министрин кара тизмеге киргизүүгө буйрук берген Мурда Израилдин Варшавадагы иштерге убактылуу ишенимдуу өкүлү Бен-Гвирдин Сумуд флотунун камакка алынган активисттерине каршы аракеттери үчүн Польшанын тышкы иштер министрлигине чакырылган 20-майда Бен-Гвир өзүнүн "X" аккаунтунда Израилге камактагы флот активисттеринин келгени тартылган видеону бөлүштү. Видеолордо ондогон туткундардын колу байланып, тизе бүгүп турган учурда куралдуу чек арачылардын көзөмөлүндө Израилдин улуттук гимнин угууга мажбурланганы көрүнүп турат. Белгилей кетсек, кармалган 430 адамдын арасында Польшанын эки жараны болгон

