Израилден кол салуулар 2026-жылы бардык фронттордо уланат деген билдирүү
Израилдин башкы штабынын төрагасы Эйял Замир, Израил армиясынын жогорку даражалуу командачылыгынын катышуусу менен өткөн конференцияда Иран жана Ливан сыяктуу бардык фронттордо «согуштук аракеттерге кайтып келүүгө даяр жана сергек болууну улантышарын» билдирди «2026-жыл балким бардык фронттордо ка

Израилдин башкы штабынын төрагасы Эйял Замир, Израил армиясынын жогорку даражалуу командачылыгынын катышуусу менен өткөн конференцияда Иран жана Ливан сыяктуу бардык фронттордо «согуштук аракеттерге кайтып келүүгө даяр жана сергек болууну улантышарын» билдирди «2026-жыл балким бардык фронттордо кагылышуу жылы болуу менен уланат» деген Замир, армиянын Газа тилкеси, Сирия жана Ливандагы өнүккөн коргонуу аймактары деп атаган оккупациясынын «Израилдин түндүгүндөгү отурукташуу жерлеринин коопсуздугу камсыздалганга чейин» улана турганын баса белгиледи Замир Ливандын түштүгүндө израилдик аскерлер басып алган шаар-кыштактарды талап-тоноого жана Иса пайгамбардын айкелине кол салууга да токтолуп, акыркы жылдарда армиянын дисциплинасында эрозия болгонун моюнга алды Замир ошондой эле Израиль аскеринин Ливандын түштүгүндөгү Иса пайгамбардын айкелине кол салышы анын армиясынын баалуулуктарына карама-каршы келгенин айтты НЕТАНЯХУ КЕЧИРИМ СУРАДЫ Ливандын түштүгүндөгү Дейр-Серян шаарчасында Иса пайгамбардын айкелинин израилдик бир аскер тарабынан балка менен талкаланып жаткан сүрөтү социалдык медиада бөлүшүлүп, Израил армиясы бул сүрөттүн чыныгы экенин кабыл алып, иликтөө баштаганын жарыялады Израилдик жоокердин диний символго карата жүрүм-туруму христиан дүйнөсүнүн чоң реакциясын жаратты Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул окуя үчүн кечирим сураса, Иса Машаяктын айкелин талкалап, сүрөткө тарткан эки аскердин согуштук кызматтан четтетилип, 30 күндүк аскердик камоого алынганы жарыяланды


