Израил армиясынын 3 аскери Ирандын пайдасына тыңчылык кылган деп шектелүүдө
Израилде Ирандын чалгын кызматы менен кызматташууга шектелген 4 киши кармалды Бул тууралуу Израилдин полициясы, Ички коопсуздук кызматы жана армиясы биргелешкен маалымат таратты Маалыматка ылайык, Ирандын чалгын кызматы менен кызматташкан деп шектелгендердин үчөө аскер, бирөө жарандык Маалыматка

Израилде Ирандын чалгын кызматы менен кызматташууга шектелген 4 киши кармалды Бул тууралуу Израилдин полициясы, Ички коопсуздук кызматы жана армиясы биргелешкен маалымат таратты Маалыматка ылайык, Ирандын чалгын кызматы менен кызматташкан деп шектелгендердин үчөө аскер, бирөө жарандык Маалыматка ылайык, жоокерлер өспүрүм кезинде аскер кызматын өтөөрдөн мурда эле Ирандын чалгындоо кызматы менен байланышта болуп, тыңчылык операцияларга катышкан Израилдин Аскердик Аба күчтөрүнүн техникалык мектебинде билим алып жаткан жоокерлер объектти жана анын айланасын сүрөткө тартып, Иранга жөнөтүшкөн Кармалгандар ошондой эле темир жол вокзалдары, соода борборлору жана коопсуздук камералары тууралуу маалыматты Ирандын чалгын кызматына өткөрүп беришкен Март айында камакка алынган 4 адам бүгүн сот алдына чыгарылат


