Израил армиясы Ливандын Тир шаарын бомбалап, 8 киши набыт болду
Израилдин армиясы Ливандын Тир шаарына ири масштабдагы абадан сокку урду Бул тууралуу Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратты Аба соккуларынын натыйжасында 8 адам каза болуп, 32 адам жаракат алган Чабуулдун алдында Израилдин Коргоо күчтөрү (IDF) Тир шаарынын тургундарын жаңжал б

Израилдин армиясы Ливандын Тир шаарына ири масштабдагы абадан сокку урду Бул тууралуу Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратты Аба соккуларынын натыйжасында 8 адам каза болуп, 32 адам жаракат алган Чабуулдун алдында Израилдин Коргоо күчтөрү (IDF) Тир шаарынын тургундарын жаңжал башталгандан бери биринчи жолу эвакуациялоого чакырды Эң күчтүү сокку Тир шаарынын чыгыш четинде болгон Ливандын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул 2-марттагы салгылашуулар күчөгөндөн берки шаардагы эң кандуу кол салуулардын бири болду


