Израил басмасы: Нетаньяху Трамптын талабы боюнча Иранга кол салууларды токтотту
Израилдин маалымат каражаттары премьер-министр Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Дональд Трамптын талабы боюнча Иранга кол салууларды токтотууга макул болгонун, бирок Ливанга кол салуулар "толук күч менен" улана турганын билдирди 12-каналга маек курган израилдик аткаминер Тель-Авив Вашингтондун

Израилдин маалымат каражаттары премьер-министр Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Дональд Трамптын талабы боюнча Иранга кол салууларды токтотууга макул болгонун, бирок Ливанга кол салуулар "толук күч менен" улана турганын билдирди 12-каналга маек курган израилдик аткаминер Тель-Авив Вашингтондун талабы боюнча Иранга кол салууну токтотконун билдирди Ливан тууралуу атын атагысы келбеген аткаминер «кол салуулар бардык күчү менен улана турганын, Израилдин түндүк аймактарына кол салуу боло турган болсо, Ливандын борбор шаары Бейруттун түштүгүндөгү Дахие аймагы бутага алынат»,-деди Кечээ Израиль армиясы ок атышпоо келишимине карабастан Ливандын борбор шаары Бейруттун Дахие районуна абадан кол салуу жасады жана Иран бийлиги Израилдин бул кол салуусуна реакция кылып, жооп берерин жарыялады Түнкүсүн Иран тараптан үч толкун менен атылган ракеталардан улам Израилдин түндүгүндөгү көптөгөн шаарларда сиреналар иштеди Израил армиясы Ирандын батыш жана борбордук бөлүктөрүн бутага алганын жарыялады жана Тегеран бул чабуулдарга ракета менен жооп берди Жакында Ирандын куралдуу күчтөрүнүн согушту жүргүзүп жаткан бөлүгү Хатам ал-Анбия штабы Израилге каршы аскердик операциялар токтотулганын жарыялады

