Ишкерлерге кулак кагыш: Товарларды маркалоо системасында чектөөлөр болот
Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы товарларды маркалоо системасында 11-июндан 15-июнга чейин техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайт Техникалык иштер жүргүзүлүп жаткан мезгилде товарларды маркалоо системасынын айрым сервистерин колдонууга убактылуу чектөөлөр киргизилет Эскерте к

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы товарларды маркалоо системасында 11-июндан 15-июнга чейин техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайт Техникалык иштер жүргүзүлүп жаткан мезгилде товарларды маркалоо системасынын айрым сервистерин колдонууга убактылуу чектөөлөр киргизилет Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-майынан тартып маркалануучу товарларды маркалоонун жана көзөмөлдөөнүн улуттук системасынын оператору болуп "Альфа Телеком" ЖАКтын ордуна "Учкун" ААК аныкталган Оператордун функцияларын өткөрүп берүүгө байланыштуу товарларды маркалоо системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган зарыл техникалык иш-чаралар жүргүзүлөт Алар маалыматтарды миграциялоону жана маркалоо коддорун эмиссиялоо параметрлерин өзгөртүүнү камтыйт Белгилей кетсек, маркалоо системасынын операторунун алмашуусу маркалоо коддорун алуу тартибине таасирин тийгизбейт Бардык операциялар мурдагыдай эле интернет-ресурстар аркылуу жүргүзүлөт: ички маркалоо үчүн — teksher.kg, тышкы маркалоо үчүн — label.teksher.kg


