Исаматова: Кыргыз филологиясы факультеттерине абитуриенттер азыраак тапшыра баштады
Кыргызстанда гуманитардык университеттер билим берүүнүн сапатын төмөндөттү. Бул тууралуу депутат Салтанат Аманова Жогорку Кеңештин Билим берүү комитетинин жыйынында билдирди Ал белгилегендей, буга чейин кыргыз филологиясы кафедраларында оор жүк болгон. Студенттер эбегейсиз зор адабияттарды окууга

Кыргызстанда гуманитардык университеттер билим берүүнүн сапатын төмөндөттү. Бул тууралуу депутат Салтанат Аманова Жогорку Кеңештин Билим берүү комитетинин жыйынында билдирди Ал белгилегендей, буга чейин кыргыз филологиясы кафедраларында оор жүк болгон. Студенттер эбегейсиз зор адабияттарды окууга, дил баяндарды жазууга, лабораториялык иштерди жургузууге туура келди. Мунун баары ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө, өз оюн туура билдирүүгө жардам берип, окуучулардын билим деңгээлин объективдүү чагылдырган. Мунун аркасында филология факультеттеринде компетенттүү адистер даярдалган. Кыргыз филологиясы факультеттеринин бүтүрүүчүлөрү мектептерде мамлекеттик тилди жана адабиятты шыктануу менен окутуп, бул сабактарды балдар үчүн кызыктуу кылып өтүштү Бирок, азыр башкача тенденция бар. Анын айтымында, филология жана ветеринардык факультеттерге негизинен башка престиждүү факультеттерге кире албагандар кирет "Азыр ЖОЖдордо студенттердин билими негизинен тестирлөө аркылуу бааланат. Бул сабаттуулуктун 20-30%ын гана берет деп ойлойм. Андыктан гуманитардык университеттер технологиялык багытка айланып, башка багыттарда факультеттерди ачып, окуу пландарын кайталаганга жол бербеш керек. Бул концептуалдык көйгөй", - деди Аманова Бул маселе карала турганын Илим министрлигинин башчысы Гүлзат Исаматова билдирди. Ал кошумчалагандай, акыркы жылдары кыргыз филологиясы факультеттерине мурункуга караганда бир топ аз абитуриенттер кабыл алынган


