Ирактын мунай ташыган танкер Европага бара жатат
2 миллион баррелге жакын Ирак мунай ташыган танкер Перс булуңунан Европага бара жатат Бул тууралуу маалыматты "Багдад сегодня" маалымат порталы жазып чыкты Ирактын энергетика боюнча эксперти Набил ал-Марсуминин айтымында, бул бир тараптан Иран, экинчи жагынан АКШ менен Израилдин ортосундагы аймакт

2 миллион баррелге жакын Ирак мунай ташыган танкер Перс булуңунан Европага бара жатат Бул тууралуу маалыматты "Багдад сегодня" маалымат порталы жазып чыкты Ирактын энергетика боюнча эксперти Набил ал-Марсуминин айтымында, бул бир тараптан Иран, экинчи жагынан АКШ менен Израилдин ортосундагы аймактык кагылышуу кескин курчуп кеткен ушул жылдын март айынан бери Перс булуңундагы өлкөлөрдөн биринчи жолу ушундай чоң жүк ташылып жатат Портал белгилегендей, Ирак мунай ташыган кеме Маршалл аралдарынын желеги менен Европага бара жатат Кошумчалай кетсек, учурда Мадагаскардын жээгинде Ирак мунай ташыган дагы бир танкер турат Эксперттин айтымында, кеме 2026-жылдын февралынын аягында же марттын башында Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында жүктөлгөн Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


